Казакстандын борборуна 11 триллион теңге инвестиция тартылган

Елорда
jana-kezen.kz

Казакстандын борбору Нур-Султан - Евразиядагы атаандаштыкка эң жөндөмдүү шаарлардын бири. Жаңы макамга ээ болгондон бери өлкөнүн башкы мегаполисине болжол менен 11 триллион теңге инвестиция тартылган. Ошол эле учурда, инвестициялардын көлөмү жылдан жылга өсүүдө.

Айта кетсек, жыл башынан бери 225 миллиард теңгеден ашык каражат түштү.

Эльдар Гарифуллин, «Кидо» Astana Invest» ЖЧК башкарма төрагасынын орун басары:

- Ар бир экинчи инвестициялык келишим Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына туура келет. Эмне үчүн? Анткени Нур-Султан шаарында инвестициялык климат абдан жагымдуу. Акимчилик, Astana invest компаниясы тарабынан жерди издөөдөн баштап, долбоорлорду колдоого чейин көп кырдуу иштер жүргүзүлөт. Муну менен катар инвесторлорду колдоо дагы жүрүп жатат.

Эң жогорку инвестициялык активдүүлүк кыймылсыз мүлк секторунда байкалып, бул тармакка 93 миллиард теңгеден ашык инвестиция салынган. Транспорт тармагына болжол менен 9 миллиард, дүң жана чекене соодага 3,7 миллиард, билим берүү тармагына 5 миллиард теңгеге жакын инвестиция тартылган.

Эльдар Гарифуллин, «Кидо» Astana Invest» ЖЧК башкарма төрагасынын орун басары:

- Быйыл жалпы наркы 632 миллиард теңгени түзгөн, эки жарым миңден ашык жумушчу орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү менен 16 инвестициялык долбоорду ишке киргизүү мерчедемделген. Алардын катарына өнөр жай ишканалары, коомдук эс алуу жайлары, орто мектептер кирет.

Борбор калаанын эң активдүү инвесторлорунун үчилтигине Сингапур, Бириккен Араб Эмираттары жана Түркия өлкөлөрү кирет. Аталган мамлекеттин компаниялары учурда шаарда бир нече долбоорду ишке ашырып жатышат. Алардын арасында сол жээктеги эки жарым гектар аянтты ээлеген соода жана көңүл ачуу борбору бар. Обьект кийинки жылы ишке берилет.

Атилла Атмаджа, инвестор /Түркия/:

Илгертен бери Казакстан калкы менен Түркия элдери боордош эл болуп келе жатат. Мунун аркасында, мындай инвестициялар көбөйүүдө. Казакстанга инвестиция салууну дагы көбөйтүшүбүз керек. Ошондой эле, кээ бир органдар ар дайым биздин жаныбызда болот. Алар колдон келишинче ар кандай көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылып жатышат.

Инвесторлор үчүн Казакстан менен болгон ишкер мамилелердин дагы бир артыкчылыгы - бул өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө болушу. Ал ички дүң өнүмү 2 триллион доллардан ашкан 180 миллион адамдык рынокко жол ачат. Буга кошумча, бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды дүйнөдөгү эң маанилүү изилдөөлөрдүн натыйжалары да тастыктап турат. Казакстан Дүйнөлүк Банктын Doing Business рейтингинде Испания, Франция жана Нидерланды сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдөн озуп, 190 мамлекеттин ичинен 25-орунда турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×