Борбордун бюджетин оптималдаштыруу 43 миллиард теңгени түзөт: каражат социалдык тармакка багытталды

24.kz

Борбор калаанын бюджетин оптималдаштыруу болжол менен 43 миллиард теңгени түзөт. Бул тууралуу Нур- Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов борбордук коммуникацияар кызматында өткөн брифингде билдирди. Үнөмдөлгөн каражат социалдык чөйрөнү, инфраструктураны өнүктүрүүнү, экономикалык тармакты, саламаттык сактоо, билим берүү жана башка тармактарды каржылоого жумшалат.

АЛТАЙ КУЛЬГИНОВ, НУР-СУЛТАН ШААРЫНЫН АКИМИ:

- Жалпысынан борбор калаанын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү оң натыйжаны көрсөтүүдө. Пандемияга карабастан мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан иш-чаралардын аркасында жылдын аягына чейин 1 триллион теңге капиталдык салым алабыз деп болжолдоп жатабыз. Салыштырмалуу түрдө айта турган болсок, 2019-жылдын аягында бул көрсөткүч 900 миллиард тенгеден бир аз ашыгыраак болгон. Жыл аягына чейин жалпы дүң өнүм жакшы көрсөткүчкө ээ болот деп күтүп жатабыз.

Мисалы, экономиканын жана инфраструктуранын реалдуу секторун колдоо үчүн 25,7 миллиарддан ашык каражат бөлүндү. Ошондой эле, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык жардамга кошумча 10,5 миллиард теңге каражат каралган. Ал эми медицина тармагы боюнча акимчиликтин резервине болжол менен 6 миллиард теңге тартылган.

×