Казакстанда өнөр жай ишмердигинде ишенимдүүлүк индекси өстү

rbc.ru

Казакстанда өлкөнүн өнөр жайына ишкерлердин ишеним индекси өсүүдө. Башкача айтканда, аталган тармактагы ишкерлердин абалы жакшырууда. Мындай жыйынтыкка өлкөнүн Улуттук статистика бюросунун адистери келди. Алар бул тармактагы ири компаниялардын жетекчилери менен маектешип, респонденттердин 75 пайызы, ал эми бул 2600 ашык завод, ишканаларынын экономикалык абалын «жакшы» жана «канааттандырарлык» деп баалашты. Ошентип, ишкерлердин 59 пайызы каржы-чарбачылык тармагы жакынкы аралыкта өзгөрбөйт деп ишенишсе, 15 пайызы кырдаал жакшырат деп эсептешет. Ал эми калган 15% тармакты начарлайт деп божомолдошкон. Белгилей кетсек, эгер ушул жылдын жаз айларында өлкөнүн өнөр жайына болгон ишкердүүлүктүн индекси төмөнкү деңгээлде болсо, күзүндө ал 5 пайызга жогорулаган.

Ошол эле учурда, серепчилер соода жаатында олуттуу өзгөрүү болгонун айтышууда. Менеджерлердин басымдуу бөлүгү ишканалардагы экономиканын жакшырганын белгилешти. Ошондой эле, курулуш тармагында индекс өстү деп айтууга болот.

×