Казакстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жаңы пакет жүзөгө ашырылууда

жаңа пакет
egemen.kz

Быйыл Казакстанда жаңы канаттуулар фабрикалары, күнөсканалар жана сүт фермалары пайда болот. Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жаңы иш-чараларды иштеп чыкты, деп жазат primeminister.kz сайты.

Тактап айтканда, быйылкы жылы айыл чарба тармагында 285 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мерчемделүүдө. Ошол эле учурда, алардын көпчүлүгү айыл чарба өнүмдөрүн импорттун ордун басууга багытталган. Жыл башынан бери 4 сүт фермасы, 2 бакма канаттуулар фабрикасы жана 1 мөмө-жемиш сактоочу жай пайдаланууга берилди. Бул башталышы гана. Бүгүнкү күндө эт, мөмө-жемиш, жер-жемиш, дан, май өсүмдүктөрү жана сүт азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча 7 ири экосистеманы түзүү иштери жүрүп жатат. Келечекте ушул жылдын Жол картасынын алкагында алманы - 80%, балык жана канаттуулардын этин - 75%, колбаса, сыр жана быштакты - 70%га өзүн-өзү камсыз кылууга жетишүү көздөлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×