ЕАЭБ өлкөлөрүнө жер-жемиш экспорту 4 эсе өстү

экспорт
24.kz

Акыркы 5 жылда Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө 4 эсе көп жер-жемиш экспорттой баштады. Жөнөтүлгөн жемиштердин көлөмү эки эсеге, сүт азыктары дээрлик 3 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Айыл чарба вице-министри Руслан Манатаев билдирди.

«Пандемияга карабастан, өткөн жылы айыл чарба өндүрүшү 5,6%га өстү, ал эми Евразиялык экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө бул көрсөткүч 2,3%ды гана түздү жана бул чек эмес», - деп белгиледи Айыл чарба вице-министри Руслан Манатаев.

Ал кошумчалагандай, республиканын экспорт көлөмүн, айыл чарба өнүмдөрүн, кайра иштетүү өнүмдөрүн бир кыйла көбөйтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ошол эле учурда, өндүрүштүн жана экспорттун өсүшү Казакстандын ЕАЭБге мүчөлүгүнүн аркасында жетишилген мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу, дейт Руслан Манатаев.

Которгон: Илгиз Жамалбеков     

×