Казакстан 2022-жылдан баштап чет элде жаңы соода өкүлчүлүктөрүн ачууну мерчемдөөдө

made in KZ
strategy2050.kz

Казакстан келерки жылдан тартып чет өлкөлөрдө жаңы соода үйлөрүн ачууну көздөөдө.

Made in KZ бренди менен өндүрүлгөн товарлардын сатуу көлөмүн арттыруу боюнча иштер улуттук сооданы өнүктүрүү долбоорунун алкагында мерчемделген. Ал 2025-жылга эсептелген. Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин маалыматы боюнча, бул республикага биринчи кезекте чийки зат эмес сектордун өнүмдөрүн экспорттоону көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошентип, 2022-жылы Кытайда соода өкүлчүлүктөрүн ачуу пландалууда.

Белгилей кетсек, тармактык мекеменин маалыматы боюнча, Кытай Эл Республикасына казакстандык экспорттун мүмкүнчүлүгү болжол менен сегиз жүз сегиз (808) миллион долларга бааланат. Ал металлургия, тамак-аш өнөр жайы, нефтехимия жана химия, унаа жасоо жана курулуш товарлары сыяктуу тармактарда 60 товардык позиция боюнча жүзөгө ашырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×