Чакан бизнести колдоого 2,5 триллион теңге насыя берилет

бизнес
baribar.kz

Өкмөттүн жыйынында чакан жана орто бизнести колдоо чаралары каралды. Аскар Мамин бизнестин ыкчам өнүгүшү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Натыйжада экономикалык өсүштү калыбына келтирүү боюнча 2021-жылга карата комплекстүү план жаңыртылды. Анда чакан жана орто бизнести колдоо боюнча кошумча 60 иш-чара каралган. Алардын катарына бир катар салык жеңилдиктери жагынан бизнеске жүктөмөнү азайтуу, салыктык башкарууну оптималдаштыруу, каржылоого мүмкүнчүлүктү кеңейтүү жана башкалар кирет.

Аскар Мамин, Казакстандын Премьер-Министри:

- Быйыл чакан жана орто бизнести каржылоого мүмкүнчүлүктү кеңейтүүнүн алкагында 47 миңге жакын долбоорду камтыган 2,5 триллион тенгеден ашык жеңилдетилген насыя берүү сунушталды. Ишкердикти колдоо программаларынын алкагында бизнес арыздарды кароонун убактысын 21 күндөн 5 жумуш күнүнө чейин кыскартуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Насыялык субсидиялар жана аларга кепилдик берүү боюнча мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү быйыл 97 пайызга чейин жогорулады. 2021-жылдын чын куран айынын 1нен кулжа айынын 1не чейин орто жана чакан субьектилер үчүн эмгек акыдан кармалып калган салыктардын бардык түрлөрүн төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылды. Бул бизнеске болжол менен 200 миллиард теңге үнөмдөөгө мүмкүндүк берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×