Европа Биримдиги жана Казакстан: Кызматташтыктын келечеги

kaztag.kz

Казакстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы товар жүгүртүү быйылкы жылдын 9 айында болжол менен 14 миллиард  € түздү. Бул өлкөнүн эң ири соода өнөктөшү жана инвестору. Белгилей кетүүчү нерсе, жалпы чет элдик түз инвестициялардын агымынын болжол менен 50 пайызы Европа Биримдигине туура келет. Бул тууралуу Евробиримдиктин Казакстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Свен-Олов Карлссон билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдөн эски континенттин өлкөлөрүнө мунай жана газ өнүмдөрү, минералдык жана азык-түлүк товарлары экспорттолот. Өз кезегинде Европадан Казакстанга транспорттук шаймандар, химиялык өнүмдөр, желимден жасалган буюмдар, эмеректер жана дары-дармектер ташылат.

СВЕН-ОЛОВ КАРЛССОН, КАЗАКСТАНДАГЫ ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН ЭЛЧИСИ:

- Кызмат көрсөтүүлөрдүн соода жүгүртүүсү өткөн жылы 2,2 млрд евродон ашты. Албетте бул мындан ары өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин билдирет. Аймактык кызматташтыкка келсек, биз Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы регионалдык сооданы колдоо жана алдыга жылдыруу абдан маанилүү деп эсептейбиз. Азыркы учурда Ready4Trade Reedy for Trade (Риди фор трейд)  программасын ишке ашыруу жана каржылоо иштери учурундабыз.

Белгилей кетсек, бул демилгени Европа Биримдиги Эл аралык соода борбору менен биргеликте каржылап, ишке ашырат. Демилге ички, аймактык жана эл аралык сооданы стимулдаштыруу аркылуу Борбордук Азия аймагын туруктуу жана ар тараптуу экономикалык өнүктүрүүгө багытталган. Долбоор 5 республикада - Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда иштейт.

×