Салык жеңилдиктери Казакстанды ири инвесторлорго таанытат

Салык жеңилдиктери Казакстанды ири инвесторлорго таанытат
pnp.ru

Казакстандык долбоорлорго каржы салган чет элдик ири инвесторлор бир катар салык артыкчылыктарына ээ болушат. Ага ылайык, аларды корпоративдик киреше салыгынан толугу менен бошотуу көздөлүп жатат. Серепчилердин пикиринде, мындай кадам көптөгөн инвесторлордун кызыгуусун арттырып, аларды жер жана мүлк акыларынан бошотот.

Арман Байганов, экономист:

- Казакстанда инвестициялык ишкерлер үчүн ар кандай жеңилдиктер бар. Бул нерсе жалпысынан чет өлкөлүк инвестициялардын келиши менен бул мамлекеттин экономикасына оң таасирин тийгизет. Чет элдик инвесторлор менен кошо биринчи кезекте инвестициялар келип, негизги каражаттар жаңыланууда. Ошондой эле, заманбап технологиялар келет. Башкача айтканда, чет өлкөлүк инвестициялардын аркасында мамлекет прогрессивдүү ар кандай компаниялардын тажрыйбасын өздөштүрөт. Бул технологиялардын келиши менен эмгек өндүрүмдүүлүгү, өндүрүштүн натыйжалуулугу жана жалпы корпоративдик башкаруу жакшырууда.

Белгилей кетсек, жеңилдик Эркин экономикалык аймагында иштеген жана атайын экономикалык зонанын талаптарына жооп берген товарларды саткан инвесторлорго дагы тиешелүү болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×