Мажилис ЕАЭБ алкагында товарлардын коопсуздугун камсыз кылган мыйзам долбоорун кабыл алды

Мажилис ЕАЭБ алкагында товарлардын коопсуздугун камсыз кылган мыйзам долбоорун кабыл алды
elorda.info

Евразиялык экономикалык биримдигинин бирдиктүү тизмесине кирген товарлардын түрлөрү техникалык жактан толугу менен жөнгө салынат. Бул максатты көздөгөн мыйзам долбоору Мажилисте бир добуштан жактырылды. Документти депутаттарга өлкөнүн Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов тааныштырды. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Биримдиктин аймагына экспорттолгон өнүмдүн 85% бирдиктүү техникалык регламентке ээ. Калган 15% сунушталган мыйзам менен жөнгө салынат. Атап айтканда, саат, тиш жуучу куралдар, зергер буюмдары жана тиричилик техникалары бирдиктүү реестрге кошулат. Бул аркылуу алар жалпы экономикалык мейкиндикте эркин жүгүртүлүп, техникалык талаптары белгиленет. Бул маркировкалоо маселесин да жөнгө салат.

Бахыт Султанов, Соода жана интеграция министри:

- Айта кетишибиз керек, келишим бизнес үчүн административдик тоскоолдуктарды жаратпайт. Коопсуздукту камсыз кылуунун жеткиликтүү шарты - тестирлөөнүн натыйжаларына ылайык жарыяланган стандарттарга шайкеш келүү. Өнүм тууралуу маалыматтарды маалымат базасында чогултуу көздөлөт. Алар керектөөчүлөргө жеткиликтүү болуп, базардагы кырдаалды изилдөө максатында колдонууга ачык болот. Бул өнүмдөрдүн жаңы түрлөрүнүн пайда болушуна, ыкчам жооп кайтарууга жана үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×