Сенат ишкерлерди колдоону көздөгөн мыйзам долбоорун кабыл алды

Сенат ишкерлерди колдоону көздөгөн мыйзам долбоорун кабыл алды
2isolutions.com

Евразиялык рынокто казакстандык товар өндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоо кадамдары аныкталды. Сенат депутаттары буга артыкчылык берген мыйзам долбоорун кабыл алышты. Документте Бирдиктүү экономикалык мейкиндик аймагында товарлардын чыккан жери, аталыш белгилери жана кызмат түрлөрүнө байланыштуу тараптардын ортосунда биргелешкен шарт түзүү жараянын оптималдаштыруу каралган. Биринчиден, иш кагаздарынан арылууну көздөгөн система бир жолку коргоо документин бир эле мезгилде беш мамлекеттин аймагында алууга мүмкүнчүлүк берет.

Аларды каттоонун жана коргоонун регионалдык тутуму түзүлөт. Мындан тышкары, келишимде өтүнмөлөрдү кароо учурунда улуттук патенттик мекемелердин өз ара аракеттенүү тартиби аныкталган. Келишим улуттук товар белгилери ээлеринин укуктарын чектебейт, аны менен катар, Евразия рыногуна багытталган ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берет, дешет адистер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×