Минималдуу айлык акы жана пенсия: өсүү күтүлөбү?

Минималдуу айлык акы жана пенсия: өсүү күтүлөбү?
diapazon.kz

Казакстанда минималдуу айлык акы көтөрүлүшү мүмкүн. Адистер атайын жол картасынын үстүнөн иштеп жаткандыгын бүгүн Мажилистин жыйынында премьер-министр Аскар Мамин билдирди. Эске салсак, республикада минималдуу эмгек акы 2 жыл мурун жетишээрлик түрдө  көтөрүлгөн. Андан кийин минималдык эмгек акы 28 миң 284 теңгеден 42 500гө чейин жогорулаган. Айта кетсек, буга мамлекеттик казынадан дээрлик 260 миллиард теңге сарпталган. Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, бул маселе кайрадан көтөрүлгөнү менен адистер республиканын экономикалык абалын жана мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алышат.

Бийлик пенсияны көтөрүү маселесине дагы комментарий берди. Премьер-министр белгилегендей, быйыл пенсиялар модернизацияланып, жөлөк пулдарды берүүнүн көптөгөн параметрлери өркүндөтүлүп жатат. Мисалдарды эске алуу менен минималдык пенсияны жашоо минимумунун 54 пайыздан 70 пайызга чейин көтөрүү меремделүүдө. Бул жаатта кызматкерлердин минималдуу эмгек стажын 10 жылдан 5 жылга чейин кыскартуу көздөлгөн.

×