Жаңы чаралар комплекси: Казакстанда турак-жайлар жеткиликтүү болот

Жаңы чаралар комплекси: Казакстанда турак-жайлар жеткиликтүү болот
tengrinews.kz

Быйыл Казакстанда 17 миллион чарчы метр турак жай куруу мерчемделүүдө. Бул өткөн 12 айга караганда дээрлик 2 миллион чарчы метрге көп. Түшүндүрмө үчүн айта кетсек: кеп 550 миң бир бөлмөлүү батирлер жөнүндө болуп жатат. Маалыматка ылайык, бийлик келечекте дагы 1 миллион казак үй-бүлөсүн башпаанек менен камсыз кылуунукөздөп жатат. Өкмөттүн жыйынында премьер-министр Аскар Мамин өлкөдөгү турак-жай саясаты олуттуу реформалардан өтүп жаткандыгын, бул коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн керек экендигин баса белгиледи. Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, жаңы чаралар комплекси, турак-жайларды жеткиликтүү кылып, жеке курулушчулар тарабынан инвестициялардын келишине түрткү берет. Мындан тышкары, республикада рынок шартында каржылоону көбөйтүү боюнча ыкмалар иштелип чыкты.

×