Казакстанда жасалма интеллект кластери түзүлөт

24.kz

Казакстанда жасалма интеллекттин улуттук кластери түзүлөт. Беш жыл аралыгында бул тармакка миллиард доллардан ашык каражат тартуу көздөлүүдө. Бул тууралуу Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев «Digital Almaty 2021 - Дүйнөлүк экономиканын санариптик келечеги» эл аралык форумунун катышуучуларына видео кайрылуусунда билдирди. Мамлекет башчысы негизги басым акылдуу экосистеманы түзүүгө бурула турганын белгиледи. Анын мүмкүнчүлүктөрүнө көптөгөн тармактык маалыматтарды талдоо кирет.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти: 

- Ушул максатта Дүйнөлүк Банк менен биргеликте Назарбаев Университетинин базасында жасалма интеллекттин улуттук кластери түзүлөт. Масштабдуу маалыматты натыйжалуу иштетүү үчүн маалымат борборлору пайда болот.

Мамлекет башчысы бул Казакстанда оффлайн режиминде өтүп жаткан алгачкы эл аралык иш-чара экендигин белгиледи. Касым-Жомарт Токаев пандемиядан кийинки мезгилде санариптештирүү жараяны күчөй турганын кошумчалады. Анын айтымында, коронавирус бардык технологиялык багыттардын өнүгүшүнө жаңы дем берди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Телемедицина тездик менен өнүгүп жатат. Булуттуу технологиялар жаңы деңгээлге көтөрүлүп, электрондук өкмөт менен аралыктан билим берүү платформаларына суроо-талап жогорулады. Казакстанда мамлекеттик кызматтардын 90 пайызы электрондук форматта көрсөтүлөт. Каатчылык мезгилинде 6,5 миллион адам санариптик тутумдардын жардамы аркылуу мамлекеттин колдоосуна ээ болду.

Иш-чарага катышкан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери салык чөйрөсүнө блокчейн технологиясын киргизүү жана башка да маселелерди талкууга алышты. Беларусь премьер-министри ассоциациянын мүчөлөрүнө «акылдуу шаар» биргелешкен долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. Бул коммуналдык чарба, транспорт жана жол инфраструктурасы жаатындагы ишти жакшыртууга жардам берет.

Ануар Ахметжанов, Казакстан Республикасынын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жайы вице-министри:

- Биринчи кезекте ЕАЭБдин тажрыйбасы кызыктырат, анткени мыйзамдар биримдиктин алкагында шайкеш келтирилген. Орусия, Беларусь жана башка өнөктөштөрдүн тажрыйбаларына көңүл бурабыз. Казакстан акыркы жылдары бул жаатта бир топ ийгиликтерге жетишти, андыктан бөлүшө турган биздин да тажрыйбабыз бар.

 

×