Казакстан КМШ өлкөлөрү арасында турак-жай курулушу боюнча алдыда

kapital.kz

Казакстан турак-жай курулушу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы орунда турат. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын бир жаранына 0,81 чарчы метр турак жай салынды. Адистердин айтымында, мындай курулуштун темпи экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жакын. Мисалы, өткөн жылы Орусияда бул көрсөткүч 0,56, Беларуста 0,45, ал эми Өзбекстанда киши башына 0,36 чарчы метрди түзгөн. Бул коэффициент 2019-жылдан бери өлчөнүп келет. Ал эми Казакстан экинчи жыл катары менен КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчилерден болду.

ДАНИЯР АЙДАРХАНОВ, КАЗАКСТАНДЫН ИИДМ КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК-ЖАЙ КОММУНАЛДЫК ЧАРБА ИШТЕРИ КОМИТЕТИНИН БАСМА СӨЗ КАТЧЫСЫ:

- Мамлекеттин колдоосунун аркасында биз ушундай алдыңкы көрсөткүчкө жетишип олтурабыз. Мисалы, 2020-жылы 15,3 миллион чарчы метр турак-жай салынды, бул 2019-жылдагы деңгээлден болжол менен 17 пайызга көп. Алардын арасында 140 миңге жакын батир же жеке турак-жай бар. Турак-жай тармагына 2 триллион теңгеге жакын инвестиция тартылды.

Курулуш тармагындагы оң көрсөткүчтөргө карабастан, Президент «5-10-20» мамлекеттик программасынын ишке ашыруу натыйжаларына нааразычылыгын билдирип, батирлердин бааларын өзгөчө көзөмөлгө алуу  зарылдыгын белгиледи.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Программаны ишке ашырууда жай темп байкалууда, 9,5 миң батир пайдаланууга берилди, бул белгиленген пландын 56 пайызын гана түзөт. Мен Өкмөткө эки жуманын ичинде турак-жай саясатын өркүндөтүү боюнча жаңы сунуштар топтомун киргизүүнү тапшырам, казакстандыктардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн пенсиялык топтомдорун пайдалануу тууралуу менин демилгем ишке ашырыла баштады. Эми кыймылсыз мүлк базарындагы кескин өзгөрүштөр жана бааларды ооздуктоо үчүн натыйжалуу чараларды көрүү керек. Мамлекеттик органдар үчүн калктын жана курулуш кызматкерлеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, рыноктогу алып-сатуу бүтүмдөрдү чектөө маанилүү.

АЙГЕРИМ АКИМЖАНОВА, КАБАРЧЫ:

- Быйыл Казакстанда 17 миллион чарчы метр турак-жай куруу мерчемделип жатат. Ал үчүн аталган тармакка эки триллион тенгеден ашык каражат тартуу мерчемделген. Белгилей кетсек, өткөн жылы курулуш тармагында көрсөткүчтөр рекорддук деңгээлге жеткен. 15 миллион чарчы метрден ашуун курулду, бул 2019-жылга салыштырмалуу 17 пайызга көп. Ал эми алдыдагы убакытта лидерлердин катарында калабызбы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт.

×