Экологиялык кодекс «жашыл каржылоону» өнүктүрөт

baq.kz

Жашыл каржылоо – жаңы экологиялык кодекстин артыкчылыктуу багыттарынын бири. Өлкө бийлиги айлана-чөйрөнүн булганышын азайтууга жана жалпысынан өлкөдөгү экологиялык кырдаалды жакшыртууга жардам бере турган долбоорлорду иштеп чыгууну көздөп жатат. Анда Астана эл аралык каржы борборунда жаратылыштын кызыкчылыгы үчүн долбоорлорду ишке ашыргандарды кандай жаңылыктар күтүп тургандыгы жөнүндө маалымдалат. Серепчилер жаңы мыйзам боюнча өз сунуштарын айтышты. Мисалы, азыр «жашыл каржылоо», «жашыл облигациялар», «жашыл насыялар» сыяктуу түшүнүктөр пайда болду.

Мындан тышкары, “Бизнестин жол картасы-2025” мамлекеттик программасы аркылуу жашыл облигацияларга арналган купон коюмун жана жашыл насыялардын пайыздык чендерин субсидиялоо механизми ишке киргизилет. Ишкерлер насыялардын жана облигациялардын пайыздык чендерин 50% га чейин субсидиялашат, - деп билдирди АЭКБнын адиси Айгүл Кусалиева. Ал быйылтан баштап жашыл долбоорлорго мамлекет тарабынан атайын колдоо көрсөтүлө турганын белгилеп өттү.

АЙГҮЛ КУСАЛИЕВА, АЭКБНЫН ЖАШЫЛ КАРЖЫ БОРБОРУНУН СТРАТЕГИЯ БОЮНЧА МҮДҮРҮ:

Учурда AЭКБнын Администрациясы мамлекеттик органдар менен биргеликте мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгууда. Анда «Бизнес жол картасы 2025» долбоорунун эрежелери жана субсидиялар камтылган. Программанын өзү «Бизнестин Жол Картасы 2025» долбоору алкагында ишке ашыруу каралган. Тиешелүүлүгүнө жараша, жакынкы 5 жылда биринчи кезекте, жалпы өнүгүү портфелинин болжол менен 5 пайызы жашыл болот, башкача айтканда 5 пайызы жашыл долбоорлорго багытталат. Аталган үлүш алдыдагы убакытта өсүп, 7-9 пайызга чейин жетет деген үмүттөбүз.

Механизм болушунча натыйжалуу иштеши үчүн, AЭКБ - жашыл каржы борборундагы жашыл долбоорлордун классификатору  таксономияны иштеп чыккан. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул экологиялык таза долбоорлордун деңгээлин түшүндүргөн талаптардын тизмеси. Бардык чен-өлчөмдөргө жооп бергендер бизнес-идеяларды ишке ашырууга субсидия алышат. Белгилей кетсек, бул жаатта долбоорду ишке ашырууга насыялар экинчи деңгээлдеги банктар тарабынан берилет. Жаңы долбоорлор теке айынын 1нен башталат.

×