Келечектин эмгек рыногу менен заманбап бизнеси

retail-loyalty.org

Карантин акча табууга тоскоолдук жаратпайт. Тескерисинче, чектөө чаралары чукул идеяларды ишке ашырууга жол ачат. Муну 4 баланын энеси иши менен далилдеп жатат. Кооптуу илдеттин кесепетинен сулуулук салону жабылып калган Кербез Арыспай кызы кол куушуруп отура алган эмес. Заман агымына жараша, коомдун талабына ылайык жаңы кесипке ээ болду. Азыр ал кургатылган мөмө-жемиштерди кооздой турган ар кандай орогучтарды жасайт. Буйрутма онлайн режиминде жүргүзүлөт. Суроо-талап эки эсеге көбөйүп, жакшы киреше булагына айланган ишкер өзүнүн демилгесинин сырлары менен бөлүшүп, аралыктан окутуу курстарын ачкан.

КЕРБЕЗ АРЫСПАЙ КЫЗЫ, ИШЕР:

 - Учурда Казакстан боюнча мындай мектептер жок. Эң алгачкы болуп ушундай азык-түлүк флористика тармагын алып келип жатабыз. Азыр комплекстүү түрдө бардык шаарлардан жана айылдардан  окуп жаткан адамдар бар. Жакында муну менен чектелбей мамлекеттин колдоосу менен 550 миң теңге алып, бизнес баштап, бир ай окуп, өзүмдүн жарым-жартылай даяр өнүмдөр цехин ачтым, ал иштеп жатат.

Бүгүнкү күндө бизнести колдоого, жеке ишти натыйжалуу жүргүзүүгө багытталган, суроо-талапка ээ кесиптерге даярдап, жетишпеген адистерди кайра даярдаган атайын окутуу программалар заман талабына ылайык санарипке өткөрүлүп жатат. Жол менен убакыт көйгөйүн чечкен электрондук платформалар аркылуу жумуш издеген же бизнесин кеңейтем дегендер максатына жете алат. Жакын арада өлкөдө бугу кызыктар жарандарды окутууну онлай өңүткө өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген бирдиктүү портал түзүлөт.

НҮРКЕН ТҮЛЕУОВ, «ЭМГЕК РЕСУРСТАРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ» АК БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

 - Электрондук эмгек биржасында кыска мөөнөттүү онлайн окутуу платформасы иштелип чыгууда. Аны быйылкы жылдын теке айынан баштап, пилоттук түрдө жүргүзөбүз. Ал аркылуу эң башкысы жумуш менен камсыз кылуу борборлоруна келген жумушсуздарды онлайн режиминде окутабыз деп ишенебиз. Жалпысынан, биздин эл анализ жасаган кезде эң жетишсиз делген  курстарды: IT тармагын, башкача айтканда, ай-ти тилдерине байланыштуу, андан кийин англис тилин үйрөнүү сыяктуу жана башка да бизнес түрлөрүнө тиешелүү курстар тандап жатышат.

Бул багытты өнүктүрүү үчүн эмгек рыногунун муктаждыктарына ийкемдүү жооп берген «Көндүмдөр Банкы» (Дағдылар Банкі) киргизилди.  Кесиптик стандарттардын негизинде иштелип чыккан тутум 8000ден ашуун көндүмдөрдү камтыйт. Бул тизме заман талабына ылайык, дайыма өзгөрүлүп турат. Адистердин айтымында, келечекте аталган курал аз суроо-талапка ээ болгон адистиктердин үлүшүн азайтууга жардам берет.

×