Илим менен бизнести интеграциялоо: Казакстандагы илимий долбоорлор кандай түзүлөт?

hse.ru

Илим менен бизнестин үндөштүгү. Ушул эки тармакты интеграциялоонун аркасында былтыр бир катар өндүрүш ишканалары ишке киргизилген. Ата мекендик ойлоп табуучуларды колдоонун натыйжасында өлкөдө 100 уникалдуу долбоор ишке ашырылды. Ар бир мыкты демилгенин жемишин өндүрүшкө киргизүү үчүн Илим фондунун атайын гранты берилди.

АРЫН ОРСАРИЕВ, «ИЛИМ ФОНДУ» АК БАШКАРМА ТӨРАГАСЫ:

 - Бул ар кандай багыттарды камтыган долбоорлор. Мисалы, агроөнөр жай комплексинде өсүмдүктөрдү жана мал чарбасын өндүрүү. Ошондой эле металлургия, феррокошулмалар багытында болушу мүмкүн. Транспорт, металл иштетүү, жаңы материалдар, анын ичинде нанотехнология, биотехнология. Кыскасы, биздин долбоорлордун багыты жана тематикалык чөйрөсү кенен. Ата мекендик илимдин өндүрүш ыргагы өсүп жаткандыгы бизди кубандырат. Казакстан экспортко багытталган өнүмдөрдү өндүрүү үчүн чоң дараметке ээ. Биздин максатыбыз - илимий ойлоп табууларыбызды келечекте ийгиликтүү бизнестин булагына айландыруу.

Белгилей кетсек, өткөн жылы эле илимий долбоорлордун кирешеси болжол менен 8 миллиард теңгенин тегерегинде болду. Экспорт боюнча айта турган болсок, анын көлөмү 243 миллион теңгеге жетти. Жаңы башталган долбоорлордун көпчүлүгү тышкы рынокторго чыгышты. Айрымдары узак мөөнөттүү эл аралык келишимдерге жетишти.

НУРТАС АЛИШЕРОВ, «ИЛИМ ФОНДУ» АК ДОЛБООРЛОО ДИРЕКЦИЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

 - Мында Абишев атындагы Химия жана металлургия институтунун окумуштууларынын долбоорлору сүнушталган. Алар ферромарганец өндүрүү менен алектенишет. Бул долбоордун өзгөчөлүгү алар өндүрүштө алюминий-кремнийди колдонушат. Бул өнүмдүн өздүк наркын төмөндөтөт. Алардын бул демилгени көтөргөнүнө үч жыл болду. Бүгүнкү күндө экспорттоо боюнча кытайлык компания менен келишим түздү.

Бардык ата мекендик илимий долбоорлор тышкы рыноктордо суроо-талапка ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ойлоп табуунун негизги талабы - анын заманбап өндүрүштүк маселелерди чечүү жөндөмүнүн болуусу. Албетте, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк дагы абдан маанилүү.

Айгерим Акимжанова, кабарчы:

 - Бул аппараттын жардамы менен ар кандай өсүмдүктөрдүн түшүмүн жогорулатууга болот. Казакстандык окумуштуу Абдумалик Ашировдун бул долбоору айыл чарба тармагындагы мыкты ойлоп табуулардын бири деп табылды. Азыр бул технологияны ата мекендик фермерлер кеңири колдонуп жатышат. Келечекте аны экспорттоо көздөлүп жатат.

Бүгүнкү күндө мобилдик илимий чечимдерин киреше булагына айландыра алган ата мекендик илимпоздордун саны 450гө жетти. Илим фондунун негизги максаты - долбоорлордун санын көбөйтүү эле эмес, анын сапатын жогорулатуу.

×