Борбор калаадагы индустриалдык парктын өнүгүүсү

индустриалды парк
astana.gov.kz

Борбордун өнөр жай паркында өндүрүш көлөмү өсүп келүүдө. 2021-жылдын 9 айында атайын экономикалык аймактын өнөр жай ишканалары 800 миллиард теңгеге өнүм өндүргөн. Айта кетсек, өнөр жай паркы бул көрсөткүчкө өткөн жылы 12 айда жеткен.

Бакытжан Досказиев, «Астана-Технополис» АЭА башкаруучу компания» АК башкарма төрагасы:

- Биздин өндүрүүчүлөрдүн өнүмдөрү ар кайсы өлкөлөргө экспорттолот, биз Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан, Азербайжан сыяктуу коңшу мамлекеттерге эле эмес, былтыр Молдовага да жеткирдик. Азыр Түркияга өзүнчө ар түрдүү товарларды жеткирүү кызматы бар. Биз Таиландга дагы эл аралык рынокто суроо-талапка ээ болгон товарларды жеткирип жатабыз. Борбор калаанын өнөр жайы тездик менен өнүгүүдө.

АЭАнын аймагы чет элдик инвесторлор үчүн ачык. Учурда мында чет элдик капиталдын катышуусунда 17 ишкана бар. Инвесторлор ар кайсы өлкөлөрдөн келишет. Атап айтканда, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Польша, Венгрия, Франция, Швейцария, Түштүк Африка жана АКШдан келген ишкерлер. Баш калаанын индустриалдык парк аймагында бардыгы болуп 56 завод иштейт, жыл аягына чейин дагы 5 жаңы завод ачылат.

Бакытжан Досказиев, «Астана-Технополис» АЭА башкаруучу компания» АК башкарма төрагасы:

- Жалпысынан быйылкы жылы кеңсе товарларын чыгаруучу заводдорду ишке киргиздик. Бул деген биз колдонуп жүргөн файл, папка, полиэтилен изоляциялык түтүктөр заводу ишке берилди. Бүгүнкү күндө аталган ишканалар облус үчүн да, облустун керектөөлөрү үчүн да ийгиликтүү иштеп жатат. Муну менен катар, товарларын да экспортко жиберип жатат. Учурда «Астана-Жаңы шаар» атайын экономикалык аймагы бардык 13 атайын экономикалык аймакты кошкондо жалпы ички дүң өнүм көлөмүнүн 75%га жакынын өндүрөт.

Белгилей кетсек, Нур-Султанда «Астана-Жаңы шаар» жана «Астана-Технополис» деп аталган эки атайын экономикалык аймак бар. Биринчиси 2002-жылы түзүлүп, административдик-экономикалык бөлүмдөн жана индустриалдык бөлүктөн - индустриалдык парктан турат. Экинчиси үч жыл мурун гана ачылган. Анын иши илимге жана аны коммерциялаштырууга багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×