Азия Өнүктүрүү Банкы Казакстандын жол курулушун каржылады

тасжол
media-exp1.licdn.com

Азия Өнүктүрүү Банкы Казакстандын жолдорун модернизациялоого 2 миллиард доллардан ашык каражат бөлдү. Анын үчтөн бир бөлүгү Маңгыстау облусунун жолдорун жакшыртууга жумшалды. Тактап айтканда, 650 миллион долларлык инвестициялык долбоордун алкагында облуста 452 чакырым жол салынды. Анын бири, Бейнеу менен Актау шаарын байланыштырган автомагистраль. Натыйжада бул мезгилдин ичинде каттоо убактысы эки эсе кыскарды.

Нариман Маннапбеков, Азия Өнүктүрүү банкынын казакстандагы өкүлчүлүгүнүн мүдүрү:

- Мурда, тагырагы жол реконструкциялоого багытталган курулуш иштери жасалганга чейин Бейнеуден Актау портуна жетүү үчүн 12, ал тургай 14 саатка чейин убакыт керектелчү. Бул абдан чоң аймактык маанидеги стратегиялык порт. Бул маселе Борбордук Азиянын аймактык экономикалык кызматташтык программасынын алкагында чечилди. Ошондой эле, 2-эл аралык коридорду кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө мүмкүндүк берди. Бул жагынан Казакстан аталган порт аркылуу Европага жана кайра Европадан Азияга жүк агымын көбөйтүүгө, транзиттик дараметти эки эсеге көбөйтүүдө бир катар артыкчылыктарга ээ.

Карасай Тайлаков, айдоочу:

- Мурдагы жолдорго караганда алда канча жакшы деп айтууга болот. Мисалы, мурда 5 саатка созулган жолду азыр 2 саатта басып өтүүгө болот. Бардык жол белгилери, жол коопсуздук белгилери, эс алуучу жайлар, эстакадалар салынган.

Учурда Манаша-Шетпе, Шетпе-Актау, Жетибай-Жаңаөзен багытындагы жана Жаңаөзен шаарындагы жолдун деңгээли 1-2-даражага чейин төмөндөгөн. Бул эки жана төрт тилке. Анын сапаты айдоочуларга саатына 120 чакырым ылдамдыкта жүрүүгө мүмкүндүк берет.

Жеңис Ермуканов, кабарчы:

- Маңгыстау аймагы мунайга бай экени баарына белгилүү. Муну менен катар, аталган аймак малга бай. Жогорку ылдамдык менен жүргөн транспорттор мал үчүн коопсуз. Себеби, жаңы жолдун боюнда мындай жер астындагы өтмөктөр көп салынган. Адистердин айтымында, бул жаңылык аймактын мал багуу менен алектенген тургундарын кубантты.

Жолдун боюнда заманбап эс алуучу жайлар, унааларды техникалык кароо жана оңдоо станциялары, май куюучу жайлар жана унаа токтотуучу жайлар салынган. Ошондой эле, дүкөндөр жана тамактануучу жайлар бар. Бул аймактагы ишкердикти өнүктүрүүгө жаңы дем берди.

Гүлнур Сактаганова, ишкер:

- Бул жаңы жол курулгандан бери биздин ишибиз өнүгүп жатат. Элибиз көбөйдү. Чет өлкөдөн кардарлар, туристтер да келип жатат. Бул жолдун аркасында ар кайсы жерден адамдар келишүүдө.

Жаңы салынган жолдун аймакка келген туристтердин агымын эселетүүдө салымы чоң болду. Чет элдик туристтердин саны кыйла өстү. Эл аралык коридорду бойлото жергиликтүү жана чет элдик зыяратчыларды өзүнө тарткан Бекет-Ата жер астындагы мечит сыяктуу бир катар белгилүү тарыхый жана ыйык жерлер бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×