Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү тааныштырылды

 баламалы энергия көздері
syrboyi.kz

Унаа куруу, энергетика, энергиянын альтернативдүү булактары жана жаңы технологиялар. Казакстан менен Германия ушул багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Өлкө инновациялык долбоорлору бар жогорку технологиялык компанияларды өлкөгө тартууга кызыктар. Мындан тышкары ата мекендик экономикага инвестиция салууга кызыккан немис компаниялары көп.

Мейрам Пішембаев, Казакстандын Унаа куруу бирикмесинин башкарма төрагасы:

- Биздин максат – бул технологияларды өлкөбүзгө алып келип, казакстандык курамы бар өндүрүштөрдү ачуу. Ошондой эле, адистерди даярдоо, ишканаларыбызды санариптештирүү жана роботтоштуруунун мааниси зор. Бүгүнкү жолугушуулардын катышуучулары өз ара пикир алышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Вольфганг Кропп, Швед-Герман компаниялар тобунун президенти:

- Бул биздин Казакстандагы биринчи долбоорубуз болот. Биздин бизнес кайра жанма энергия тармагына байланыштуу. Биз Швециядагы эң ири долбоорлордун бирин ишке ашырдык. Казак жери күн батареяларын жана шамал парктарын курууга абдан ыңгайлуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×