Казакстанда акыркы 9 айда жалпы ички өнүмдүн өсүшү 3,4 пайызга жетти

ішкі өнімнің өсімі
inbusiness.kz

Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында Аскар Мамин улуттук экономиканын өсүү динамикасын ишенимдүү деп мүнөздөдү. Анын айтымында, акыркы 9 айда ИДӨ өсүшү 3,4 пайызга жетти. Өлкө экономикасынын негизги кыймылдаткычы реалдуу сектордо өндүрүштүн туруктуу өсүшү болгон. Ошондуктан, өндүрүштүн көлөмү 5,7%га өстү.

Аскар Мамин, РКнын Премьер-Министри:

Анын ичинде унаа жасоо тармагында - 22,8, автомобиль курулушунда - 31,6 пайыз, локомотивдер жана вагондор өндүрүшүндө - 50,5, курулуш материалдарында - 10,1, фармацевтикада - 38,1, пластмасса буюмдарын өндүрүүдө - 31,4, кийим тигүүдө - 14, эмерек боюнча - 14,9, даяр металл буюмдарын чыгарууда - 17,2 пайызга өсүш байкалды.

Премьер-министр ошондой эле карантиндик чектөөлөрдүн кыскарышынан улам тейлөө тармагы ишенимдүү түрдө калыбына келип жатканын эске салды. Азыркы учурда кызмат көрсөтүү сектору 2,9 пайызды түзөт, анткени соода жана байланыштын өсүш арымы жогору, деп белгиледи премьер -министр.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×