Казакстан кайсы мамлекеттерге жаратылыш газын экспорттойт?

газ
inbusiness.kz

Акыркы төрт жылда Казакстан Кытайга газ экспорттоону беш эсе көбөйттү. Мунун баары магистралдык газ түтүгүнүн туташуусуна байланыштуу болгон. Эгерде өткөн жылы өлкө 7 миллиард 300 миллион кубометрге чейин көгүлтүр отун жеткирген болсо, келечекте бул көрсөткүч 10 миллиардга чейин өсүшү мүмкүн. Казакстан Кытай Эл Республикасынан башка 2020-жылы 3 миллиард кубометр газ экспорттогон. Анын эң аз бөлүгү Кыргызстанга жеткирилген. Белгилей кетсек, Казакстан жаратылыш газынын жалпы кору боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында үчүнчү орунду ээлейт. Жаратылыш газынын 75%дан ашыгы Карачаганак, Кашаган жана Теңгиз долбоорлору менен камсыздалат. Бул кен жайларындагы корлор бардык чалгындалган кендердин 68% түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×