Азия өнүктүрүү банкы Казакстан экономикасынын өсүшүн болжолдоду

экономика
www.archive.inform.kz

Азия Өнүктүрүү Банкы Казакстан экономикасынын үстүбүздөгү жылга өсүшүн 3,4 пайыз деңгээлинде болжолдоду. Каржы институтунун жаңыланган отчётуна ылайык, өлкөнүн ИДӨсү бир жарым пайызга жакшыртылган. Бул керектөөчүлөрдүн чыгымдарынын өсүшүнө байланыштуу. Анткени үчтүн айы жана чын куран айлары аралыгында чекене товар жүгүртүү 6,2 пайызга өскөн. Азия өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча, унаа жасоо, жеңил өнөр жай жана курулуш тармактары 7 пайыздан ашык өсүш көрсөткөн. Тоо-кен өндүрүүдөн башка багыттардагы инвестициялардын көлөмү да 25,5 пайызга өстү.

Геннадий Рау, Азия Өнүктүрүү банкынын казакстандагы өкүлчүлүгүнүн экономисти:

- 2021-жылы ИДӨнүн өсүшү 3,4%, 2022-жылы 3,7% деңгээлинде болжолдонууда. Бул Казакстандын экономикасынын корона каатчылыгынан кийин калыбына келишине байланыштуу. Азыр дүйнө жүзүндө чийки затка суроо-талап өсүүдө жана мунайдын баасы көтөрүлдү. Мамлекеттик программалардын инфраструктура жана кайра иштетүү тармактарындагы долбоорлордун да оң таасири бар.

Белгилей кетсек, Азия өнүктүрүү банкы Борбор Азия өлкөлөрүнүн быйылкы экономикалык божомолун жакшыртты. Бул 4,1 пайызды түзөт. Үстүбүздөгү жылдын чын куран айында 3,4 пайыз деп болжолдонгон. Бул Армения, Азербайжан, Өзбекстан жана Грузия мамлекеттериндеги өсүү мүмкүнчүлүгү менен байланыштуу, дешет серепчилер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×