Серепчилердин божомолдоосу: ЕАЭБ өлкөлөрү ичинде Казакстандын экономикасы тезирээк калыбына келет

ehonews.kz

Казакстандын экономикасы кийинки жылы каатчылыкка чейинки калыбына келип, кайрадан жандана баштайт. Серепчилердин айтымында, кырдаалдын оңолушуна өлкө Өкмөтүнүн оор мезгилде өз убагында көргөн чаралары жана эл аралык каржы институттарынын колдоосу себеп болду. Адистер ата мекендик экономиканын өнүгүүсү Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктеги башка өлкөлөргө караганда тезирээк болот деп болжолдошууда.

АМАНГЕЛДИ ИСЕНОВ, ЕВРАЗИЯЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН БАШКАРМА ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Алдыңкы серепчилердин айтымында, негизги божомолго ылайык, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал массалык эмдөө өнөктүгүнүн башталуусуна карата, мисалы, Европа Биримдигинде жүрүп жаткан вакцинациялоо чараларан эске алганда, болжол менен кийинки жылдын экинчи чейрегинде турукташат деп күтүлүүдө. Мындай учур кайталана турган болсо Казакстандын ИДӨсү келерки жылы 4,4 пайыз деңгээлинде өсүш көрсөтөт деп ойлоп жатабыз.

Белгилей кетсек, Евразия Өнүктүрүү Банкы менен катар Азия Каржы Институту дагы быйыл Казакстанга атайын колдоо чараларын сунуштаган.

МИРЗО ИСКАНДАР ГУЛАМОВ, АӨБ КАЗАКСТАНДАГЫ ТУРУКТУУ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ МҮДҮРҮНҮН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Бул жылы албетте, биздин колдоо иш-чараларыбыздын негизги бөлүгү глобалдык деңгээлде өсүп, күч алып жаткан пандемиянын терс кесепеттерин азайтууга багытталганын белгилей кетүү керек. Мисалы, биз бир миллиард АКШ доллары көлөмүндө насыяны кабыл алдык. Ал жакында парламентте ратификацияланып, Каржы министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул каражаттар саламаттык сактоого, социалдык коргоого, калкты иш менен камсыз кылууга жана ушул жылы Өкмөт тарабынан экономиканы жандандыруу боюнча түзүлгөн комплекстүү чараларды ишке ашырууга жумшалат.

Быйыл Казакстандагы каатчылыкка каршы чараларга 6 триллион теңге бөлүндү. Бул болжол менен өлкөнүн ИДӨнүн 9 пайызын түзөт. Серепчилердин пикиринде, мындай деңгээлдеги мамлекеттик колдоо өнүккөн өлкөлөрдүн көрсөткүчүнөн кем калышпайт.

×