Казакстан Ооганстанга ун менен буудайды жеткирүүнү кайрадан жандантты

ұн мен бидай экспорты
rus.azattyq-ruhy.kz

Казакстан Ооганстанга ун жана дан жеткирүүнү кайрадан жандантты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бүгүнкү күндө 200 миң тоннага жакын ун жана 33 миң тонна буудай жөнөтүлдү. Белгилей кетсек, ата мекендик жана оогандык бизнес өнөктөштөр көп убактан бери бизнес байланыштарын түзүп келишкен. Бирок Ооганстандагы акыркы саясий окуяларга байланыштуу өнүмдөрдү жектирүү токтоп калган. Аталган мамлекет көптөн бери бул товарлардын негизги экспорттук базары жана Казакстандын стратегиялык өнөктөшү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×