Казакстандын мунай тармагы калыбына келүүдө

мұнай
ehonews.kz

Казакстандын мунай тармагы 2023-жылдан баштап толугу менен калыбына келет. Адистердин айтымында, өлкөдө жыл сайын кошумча 12 миллион тонна кара алтын өндүрүлөт. Өндүрүштүн өсүшү негизинен ири долбоорлордо байкалууда, - дейт Олжас Байдильдинов. Серепчи учурдагы базар баасы жогору деп эсептейт. Анын себеби ОПЕК+ уюмуна мүчө өлкөлөр мунайды жигердүү өндүрүп жатканына байланыштуу. Алардын арасында картелге кирбеген өндүрүшчүлөр да бар.

Олжас Байдильдинов, мунай-газ тармагынын серепчиси:

- Казакстан жаз-жай мезгилинен бери өндүрүштү көбөйтүүдө. Өкмөттүн жана тиешелүү министрликтин аракеттеринин аркасында Казакстан өз позициясын сактап калды. Азыр биз Орусия менен бирге өндүрүштү көбөйтүп жатабыз. Буга ОПЕК+ макул болду. Казакстан инвестицияларды кабыл алууга гана эмес, аларды дүйнөлүк аренада коргоого да даяр, бул абдан жагымдуу фактор.

Муну менен катар, адис базар күтүлбөгөн жагдайда кыйрашы мүмкүн экенин эскертет. Анын айтымында, азыркы дүйнөлүк суроо-талап шартында комфорттук деңгээл баррелине 60 доллар болушу керек.

Олжас Байдильдинов, мунай-газ тармагынын серепчиси:

- Биз фантастикалык киреше алабыз деп айтуу мүмкүн эмес. Азыр биз 2019-жана 2020-жылдарга караганда азыраак мунай өндүрөбүз. 2020 -жылга караганда бир аз көбүрөөк, бирок 2019-жылга караганда азыраак. Андыктан, биздин мунай мурдагы жылдардагыдай эле калыбына келип, кирешелерге жана салыктарга даяр деп айтуу туура эмес. Бүгүнкү күндө биз 2019-жылга караганда мунайды 5-6%га аз өндүрөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×