Казакстанда айыл чарба техникасын кураштыруу көлөмү 300 пайызга артты

машина жасау ісі

Казакстанда унаа жасоо дарамети артып келет. Бул тармак экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча өлкөдө лидер болуп саналат. Өзгөчө ата-мекендик айыл чарба техникасын өндүрүү темпи күч алды. Өсүш 300%ды түзөт. Бул тууралуу биринчи эл аралык көргөзмөдө белгилүү болду. Ал борбор калаада казакстандык унаа жасоочулардын 9-форумунун алкагында өтүүдө.

Лилия Лукоянова, тетик чыгарган компаниянын өкүлү, Белорус:

- Бир нече аймак камтылгандыгы кубандырат. Бул жерде өндүрүүчүлөр, инвесторлор жана аткаруу бийлиги чогулган. Биз биргелешип чечүүнү талап кылган орток маселелердин түйүнүн чечебиз. Чындыгыныда ушундай.

Унаа жармаңкесинде 200гө жакын алдыңкы казакстандык жана чет өлкөлүк компаниялар өз өнүмдөрүн коомчулуктун назарына коюшту. Мында ар кандай жабдуулар бар. Көргөзмөдөн агро-өнөр жай комплекси, тоо-кен жана металлургия өндүрүшү, темир жол же мунай тармагына керектүү атайын жабдууларды жана унааларды кездештирүүгө болот.

Шыңгыс Оксыкбаев, химиялык өндүрүш боюнча компаниянын өкүлү, Казакстан:

- Башынан аягына чейин өзүбүз өндүрүп чыгарабыз. Мындай аянтчалар, өзгөчө мунай секторунда, өнөктөштүк жана келишимдерди түзүүдө чоң жардам болду. Биз экспорттук дараметибизди кеңейте алабыз. Мында Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да бар.

Жыл башынан бери Казакстан жалпы наркы 742 миллион долларлык унаа жасоо тармагынын өнүмдөрүн чыгарды. Серепчилер 2025-жылы экспорт 3 миллиард долларга жетерин болжошууда. Жалпысынан алганда, акыркы 10 жылдын ичинде өлкөдө автоунаа чогултуучу компаниялардын саны 3 миңден ашкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×