Казакстандын Түндүгүндө май экстрациялоочу завод курулат

май экстракциялық зауыт
dknews.kz

Казакстанда кубаттуулугу суткасына 1200 тонна болгон жаңы май экстракциялоочу завод ишке кошулат. Өндүрүш Түндүк Казакстан облусунда курулуп, 2023-жылы ишке киргизилиши мүмкүн. Ишкана түрдүү май өсүмдүктөрүн, анын ичинде күн карама, рапс, соя жана зыгыр үрөндөрүн кайра иштетүүнү мерчемдеп жатат. Дагы бир маанилүү маалымат-заводдо толугу менен калдыксыз өндүрушү жолго коюлат. Чийки зат калдыгы тоютка айландырылат. Жаңы ишкана өз өнүмдөрүн Кытай Эл Республикасына экспорттоону көздөп жатат.

Павел Селиванов, заводдун мүдүрү:

- Май экстракциялоочу заводдун маанилүү бөлүгү-кире бериште бизде үрөн бар, ал эми чыгууда Казакстанда чоң суроо-талапка ээ болгон протеиндүү жогорку белоктуу азыктар бар. Ошондой эле, чийки май дагы болот. Азыр майга болгон суроо -талап жогору. Мындай суроо-талап Канаданын Кытайга жеткире турган өнүм көлөмүн кыскартканына байланыштуу болуп жатат. Америка экспорт көлөмүн кыскартты, ошондуктан Кытай Казакстанга Орусияга жана Украинага багты бурууга аргасыз. Бул май абдан маанилүү өнүм экенин билдирет.

Белгилей кетсек, долбоор Казакстандын өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашууда. Банк өкүлдөрүнүн айтуусунда, жалпы портфелдин курамында тамак-аш өнөр жай тармагындагы долбоорлорго бөлүнгөн каржы көлөмү аз. Бирок, Өнүктүрүү банкынын учурда бул багытта 20га жакын сунушу бар. Долбоорлордун жалпы наркы 40 миллиард теңгеден ашат.

Адил Исмагамбетов, Казакстан Өнүктүрүү банкынын башкаруучу мүдүрү:

- Аталган долбоор Бизнестин жол картасы 2025 программасын жана жана индустриалдык-инновациялык өнүгүүнүн мамлекеттик программасынын аткаруу алкагында ишке ашырылууда. Биз 12 жылдык мөөнөткө каржылоону сунуштадык, насыялоонун суммасы 11 миллиардды түзөт, долбоордун жалпы наркы 15 миллиард теңге.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×