Казакстандын экономикасы 3 пайызга өстү

экономика
turkystan.kz

Акыркы 9 айда Казакстандын экономикасы 3 пайызга өстү. Өсүш кызмат көрсөтүү, ошондой эле, чийки затэмес секторлордо катталган. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында Казакстандын улуттук экономика министри Асет Ергалиев билдирди. Анын айтымында, туруктуу өнүгүүнү экономиканын реалдуу сектору камсыздайт. Өлкөнүн кызмат көрсөтүү секторунда ишкердик жигердүүлүк жогорулап, 2,3 пайызга жетти. Ошол эле учурда маалымат жана байланыш, курулуш, соода, суу менен камсыздоо, электр энергиясы жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардын көрсөткүчтөрү тездик менен өнүгүүдө. Буга кошумча, агроөнөр жай комплексинде олуттуу жылыштар байкалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×