Казакстан 120 миң тоннага жакын алюминий экспорттоду

Казакстан 120 миң тоннага жакын алюминий экспорттоду
24.kz

Казакстан жыл башынан бери 120 миң тоннадан ашык алюминий экспорттоду. Анын жалпы суммасы 250 миң доллардан ашат. Ата мекендик металлдын негизги сатып алуучулары - Түркия, Греция, Хорватия, Италия, Швейцария, Кытай, Черногория жана Өзбекстан мамлекеттери. Аны менен катар алюминийдин импорттук жеткирүүлөрү дагы бар. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын 7 айында импорттун көлөмү болжол менен беш жүз элүү тоннаны түзөт. Мекеменин адистери металлдын баасы кымбаттаганын, бирок ага Гвинеядагы аскерий төңкөрүш таасир этпегенин так айта алышпайт. Ал эми Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, бул окуя алкагында Лондон фондулук биржасында алюминийдин баасы 10 жыл мурунку рекордду жаңылады. Башкача айтканда, тоннасы болжол менен 3 миң долларга бааланды. Бул Гвинея дүйнөлүк өндүрүштүн төрттөн бир бөлүгүн түзгөндүгү менен байланыштуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×