Казакстанда инфляцияга каршы чара көрүү комплексинин долбоору иштелип чыкты

инфляция
inform.kz

Казакстанда 2021-2024-жылдарга карата инфляцияга каршы чаралардын комплексинин долбоору иштелип чыкты. Документ оперативдүү жана орто мөөнөттүү мезгилге арналган 2 багыт боюнча 70 чарадан турат. Ал баалардын өсүшүнө бөгөт коюуга багытталган кадамдарды жана инфляциянын бекитилген максаттуу диапазонуна алып келүүгө багытталган системалуу иштерди камтыйт. Чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында Соода жана интеграция министрлигинин алдында туруктуу иштеген операциялык штаб түзүлөт. Анын курамына борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдарынын жетекчилеринин биринчи орун басарлары кирет. Талкуунун жыйынтыгында Өкмөт долбоорду жактырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×