Мамлекеттик каржыны башкаруу концепциясынын зарылдыгы эмнеде?

Мамлекеттик каржыны башкаруу концепциясынын зарылдыгы эмнеде?
inbusiness.kz

Казакстан улуттук кордун кыскартуу тенденциясынан арыла алат. Бул мамлекеттик каржыны башкаруунун өзүнчө концепциясын түзүүнүн эсебинен мүмкүн болот. Бул эмне үчүн абдан зарыл жана салык төлөөчүлөрдүн каражаты кантип жумшалат? Бул суроолорго бүгүн турдун жүрүшүндө республикалык бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча эсеп комитетинин мүчөсү Рашит Ахметов жооп берди. Анын айтымында, текшерүү жүргүзүү учурунда алардын уюмунун кызматкерлери бюджеттик жана башка мыйзамдардын системалуу түрдө бузулушун аныктайт. Ошондуктан учурда кардиналдуу өзгөрүүлөр керек, деп ишенет баяндамачы. Анын айтымында, көйгөйдүн тамырын эскирген мыйзамдардан жана эрежелерден издөө керек. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бүгүнкү күндө бардык иштерди системалаштыруу жана бюджеттик каражаттар, мамлекеттик активдер, жалпысынан финансы менен иштөөнүн бирдиктүү ыкмасын иштеп чыгуу абдан зарыл болуп турат.

Рашит Ахметов, Республикалык бюджеттин аткарылышын козөмөлдөө боюнча эсеп комитетинин мүчөсү:

Бул багытта мамлекеттик саясатты башкаруу концепциясы бюджеттик саясатты, мамлекеттик жана квазимемлекеттик карыздарды башкарууга мүмкүндүк берет. Анткени алар мурда өзүнчө, Улуттук кордун каражаттарын түзүүдө жана пайдаланууда колдонулган. Мамлекет башчысы өзүнүн Кайрылуусунда буга байланыштуу бардык толук көрсөтмөлөрдү көрсөттүп өттү. Бул боюнча апшырмалар берилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×