Бажыны автоматташтыруу тууралуу мыйзам кабыл алынды

inbusiness.kz

Казакстанда бажы тармагына жаңы өзгөртүүлөрдүн кириши күтүлүүдө. Бул бажы органдарынын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулаткандан сырткары, мамлекеттик кызмат көрсөтүү мөөнөтүн кыскартат. Бүгүн Сенаттын жалпы жыйынында «Казакстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына бажылык жөнгө салуу жана  ишкердик кызмат маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды. Сенат төрагасы Маулен Ашимбаевдин айтымында, кабыл алынган документ өлкөдөгү бизнес-климатты жакшыртууга багытталган.

МАУЛЕН АШИМБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СЕНАТ ТӨРАГАСЫ:

- Бул мыйзам коррупциянын тобокелчилигин төмөндөтүүгө жана документ иштерин азайтуу үчүн бажылык маалыматтык базанын кызматы менен «Бирдиктүү терезе» системасын ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Бул тышкы экономикалык кызматка катышуучулардын өтүнүчтөрүн кароо жана ошол боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтүн кыскартууга шарт түзөт. Ошону менен катар, камералык жана көчмө бажылык текшерүүлөрдү жүргүзүү жараяны кайра каралат. Алдыдагы убакытта мыйзам бажылык жөнгө салууну жакшыртууга салымын кошот деп ишенебиз.

×