Жер казынасын пайдалануучуларга арналган алгачкы онлайн аукциондон 61 миллиард теңге түштү

angi.ru

Казакстанда көмүрсуутектерди чалгындоо менен өндүрүүгө мүмкүнчүлүк бере турган алгачкы онлайн аукцион өттү. Тоорукка коюлган 7 тилкенин баштапкы баасы 263 миллион теңгени түздү. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, эң узак тартыш Атыраудагы эки участок үчүн болду. Эске сала кетсек, аукциондун жеңүүчүсү ошол жердин ээси аталбайт, ал жөн гана анын казынасын пайдаланууга укук берет. Соодалашуу онлайн өткөндүктөн, катышуучулар бири-бирин көрө албайт. Бул маалымат тармактык министрликтер үчүн да жеткиликсиз.

Казакстанда геологиялык чалгындоо темпи артууда

Мамлекеттик программанын алкагында өлкөдө геологиялык чалгындоо темпи өстү. Ал бюджет дотациясы жана жер казынасын пайдалануучулардын эсебинен жүзөгө ашырылат. Катуу пайдалуу кендерди издөө иш-чараларына 100 миллиард теңгеден ашуун каржы каралган. Колго алынган бул жаңы долбоор өндүрүштүк аймактардагы өзөктүү экологиялык маселелерди чечүүнү көздөйт. Айлана-чөйрөгө бөлүнүп чыгуучу зыяндуу заттар үчүн төлөмдөр андагы шаарлар менен айылдардын бюджетине түшөт. Ал каражат толугу менен экологиялык маселелерди чечүүгө жумшалат.

МАГЗУМ МЫРЗАГАЛИЕВ, КАЗАКСТАНДЫН ЭКОЛОГИЯ, ГЕОЛОГИЯ ЖАНА ТАБИГЫЙ РЕСУРСТАР МИНИСТРИ:

- Биз бул норманы экологиялык кодекске киргиздик. Ал бардык каражаттын жергиликтүү бюджетте калуусун камсыздайт. Ошондой эле,  100 пайыз экологиялык иш-чараларга багытталат.

×