Казакстанда ата мекендик өнүмдөрдү кайра иштетүү күч алууда

отандық өнім
forbes.kz

Казакстан экономикасынын өсүү темпи 2,7% түзөт.

Казакстанда өндүрүш жанданып, ата мекендик өнүмдөрдү кайра иштетүү күч алууда. Жыл башынан бери тармакта өсүш 6%га жакындады. Буга катар жергиликтүү товар түрлөрүнүн экспорттук дарамети жогорулады. Жалпысынан, башка өлкөлөр менен соода-алмашуу жакшырып, тышкы соода кайра жанданды. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында улуттук экономика министри Асет Ергалиев конкреттүү сандарга таянуу менен билдирди.

Асет Ергалиев, Улуттук экономика министри:

- Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айы - кулжа айларында тышкы соода жүгүртүү 45,3 миллиард долларды түзүп, анын ичинен экспорт көрсөткүчү 27 миллиард долларды түздү. Бул жаатта кайра иштетилген товарлардын экспорту 25%га, тагыраагы, 8,9 миллиард долларга чейин өстү. Товарлардын импорту 18,3 миллиард долларды түздү. Соода балансы 8,7 миллиард долларды түзүп, оң деңгээлде сакталды.

Асет Ергалиевдин айтымында, ушул жылдын 7 айында өлкө экономикасынын өсүү темпи 2,7%ды түздү. Ал эми реалдуу сектордун өнүгүү көрсөткүчтөрү 3,6%га тездеди. Айрыкча, өлкөнүн кызмат көрсөтүү тармагында ишкердик өскөнү байкалды. Инвестиция тартуу дагы эки эсе өстү. Өз кезегинде премьер-министр Аскар Мамин маанилүү социалдык-экономикалык аймактарда туруктуу өсүштүн улантылышын камсыздоону тапшырды.

Аскар Мамин, КРнын Премьер-Министри:

- Акимчиликтер бул өсүү ыргагын төмөндөтпөөгө тийиш. Өсүш динамикасын сактап калуу үчүн экономиканы ар тараптандыруу, инвестиция тартуу жана жумуш орундарын сактоо боюнча ишти улантуу керек.

Буга кошумча, премьер-министр тиешелүү органдарга социалдык мааниси бар товарларга бааны турукташтыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×