ЕАӨБ Казакстан экономикасынын 4% өсүшүн болжолдоду

Қазақстан

Евразия өнүктүрүү банкынын серепчилери Казакстан экономикасынын 4% деңгээлде өсүшүн болжошту. Буга дүйнөлүк экономиканын калыбына келиши жана мунайга баанын көтөрүлүшү өбөлгө түзөт. Карантиндик чектөөлөрдүн жумшартылышы керектөөчүлөрдүн суроо-талабына оң таасирин тийгизгендиктен, бул жылы өлкөнүн өндүрүшү каатчылыкка чейинки деңгээлге кайтып келери күтүлүүдө. Ошол эле учурда транспорт, логистика жана туризм тармагындагы чектөөлөр толук жоюлбагандыктан, кээ бир кыйынчылыктар сакталышы мүмкүн. Евразия өнүктүрүү банкынын кабарлоосунда, экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычы болгон курулуш тармагы жигердүү түрдө өнүгүп жатканы көрсөтүлдү. Банктын жаңы серебинде Казакстандын экономикасы 2022-жылы 4,4%га, 2023-жылы 5%га өсөрү белгиленген. Ушул жылдын аягында инфляция 6,7% деңгээлинде болору болжолдонууда, ал эми 2022-жылы 5,7%га чейин басаңдайт деп күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×