Казакстанда МЖӨ алкагында 1,2 триллион теңге инвестиция тартылды

әріптестік
zhalagash-zharshysy.kz

Бир триллион теңгеден ашык. Бул Казакстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында тартылган инвестициялардын жалпы суммасы. Белгилей кетүүчү нерсе, мындай өнөктөштүк жашоонун бардык чөйрөсүндө тездик менен өнүгүп келет. Аталган үлгү бизнес менен өкмөттүн ортосундагы кызматташуунун ийгиликтүү куралы катары таанылган. Бүгүнкү күндө республикада мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн сегиз жүздөн ашуун келишимдери ишке ашырылууда. Ал эми борбордогу долбоорлорго келсек, мамлекет жана бизнес 15 долбоор боюнча биргеликте иш жүргүзө баштайт. Аларга 57 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартылган. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк өзгөчө билим берүү тармагында тездик менен өнүгүүдө. Мисалы, быйыл 4 жаңы орто мектеп ачылат. Объектилердин курулушуна 22 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүнгөн.

Ержан Балтаев, «Astana Invest» ЖЧКсынын башкарма төрагасы:

- Көптөгөн ишкерлер билим берүү тармагына социалдык долбоор катары эмес, бизнес-долбоор катары карай башташты. Учурда биздин портфелде бул багытта бир нече долбоорлор бар. Окуучулардын саны өсүүдө. Биз муну билебиз. Сапаттуу билимге суроо-талап да жогору. Ар бир ата-эне баласынын жакшы билим алышын каалайт.

Белгилей кетсек, акыркы убакта IT-жана коопсуздук тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизми кеңири колдонула баштады. Эң ийгиликтүү долбоорлордун бири – «Сергек» системасы. Анын аркасы менен борбор калаанын айдоочуларынын эреже бузуулары азайып, жол кырсыктарынын саны кыскарды. Мамлекет менен бизнестин кызматташтыгынын алкагындагы бардык долбоорлор өлкөнү өнүктүрүүгө жана казакстандыктардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×