Казакстанда «жашыл» каржылоону өнүктүрүү

24.kz

Казакстан «жашыл» экономикага өтүү жолунда. Айлана-чөйрөнү коргоого багытталган ата мекендик долбоорлорго салынган инвестициялар да тездик менен өсүүдө. Мисалы, ушул жылдын 10 айында мындай капиталдык салымдардын көлөмү 129 миллиард тенгеден ашты. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 22 пайызга көп. Адистердин маалыматы боюнча, акыркы жылдары республиканын «жашыл» долбоорлоруна салынган инвестиция көлөмү 87,2 пайызга өскөн. Бул каражаттар абага зыяндуу заттардын бөлүнүшүн азайтууга жана аларды пайдаланууга байланыштуу маселелерди чечүүгө, ошондой эле, энергиянын кайра жанма булактары жаатындагы инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

АРМАН КАШКЫНБЕКОВ, УЛУТТУК КООМДУК ИШЕНИМ КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ, КАЗАКСТАНДАГЫ БУУНУН ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА БАШЧЫСЫ:

- Жалпысынан ЭКСПОго даярдык көрүү жана ал өткөрүлгөндөн берки убакытта, башкача айтканда, акыркы 5 жыл  ичинде кайра жанма энергия  булактары жаатындагы долбоорлорду каржылоо маселелери чечилип, жөнөкөйлөтүлдү. Ири электр станциялары, жаңы ири объекттер курулду. Казакстанда жашыл долбоорлорду каржылоо боюнча дагы бир маанилүү тренд – бул татаал капиталдык чыгымдарды жана жаңы жашыл объекттерди ишке киргизүү наркы болуп саналат. 2-3 жылдын ичинде жаңы объекттерге инвестиция салууга жумшала турган капиталдык чыгымдар дээрлик үч эсеге кыскарды, албетте бул аларды жеткиликтүү кылат. Азыр биз ири долбоорлор жөнүндө гана эмес, көптөгөн каржы институттарын камтыган чакан объекттер жөнүндө да сөз кылабыз.

Серепчилердин айтымында, Казакстанда «жашыл» каржылоону өнүктүрүү кайра жанма энергия жаатындагы жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүүнү тездетти. Мисалы, эгер 2015-жылы өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнүн жалпы көлөмүндөгү кайра жанма энергия булактарынын үлүшү 0,77 пайызды түзсө, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 3 пайыздан ашты. Ал эми гидроэнергетика, шамал жана күндөн өндүрүлө турган таза энергия көлөмү көлөмү акыркы жылы эле 44 пайызга өскөн.

×