Казакстанда экотуризмге 30 млрд теңгеден ашык инвестиция тартылат

Қазақстан
dalanews.kz

Экотуризмдин дараметин жогорулатуу үчүн жакынкы жылдары Казакстанга 30 миллиард теңгеден ашуун инвестиция салынат. Бул каражат өлкөдөгү 4 улуттук паркты өнүктүрүүгө жумшалат. Ошентип, ички туристтер менен катар чет өлкөдөн келген саякатчылардын агымын эки эсеге көбөйтүү көздөлүп жатат. Бул Алтын-Эмел, Чарын, Көлсай жана Иле-Алатау жаратылыш парктары. Бул тууралуу Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин комитетинин төрагасы каналга берген маегинде билдирди. Дастан Рыспековдун айтымында, бул жаратылыш аймактарында визит борборлору курулат. Анда экологиялык эс алуу үчүн керектүү делген маалымат менен катар ижарага ар кандай жабдууларды алууга болот. Ошондой эле глэмпинг, кемпинг, байкоочу палуба, эс алуу жайлары жана унаа токтотуучу жайлар пайда болот. Аталган мекеме башчысынын айтымында, өлкөнүн жаратылышы жана кооздугу менен таанышууга мүмкүндүк бере турган ыңгайлуу борборлор башка парктарга да киргизилет. Мындай демилгелердин бири жакында колдонууга берилди.

Дастан Рыспеков, РКнын Маданият жана спорт министрлигинин туризм комитетинин төрагасы:

- Иле-Алатау улуттук паркындагы Аюсай капчыгайынын аймагында жайгашкан визит борборун көптөр көргөн чыгар. Ал инвестор тарабынан курулган. Дал ушул визит борборго келгендер аймактын бардык туристтик жерлери менен тааныша алышат. Ал жерде шайтан арабалар ижарага берилет. Гиддердин жардамын колдонууга да болот.

Адистердин айтымында, экологиялык эс алуу туризм тармагында эң ылдам өсүп келүүдө. Анткени дүйнө саякатчыларынын төрттөн бири эс алуунун дал ушул түрүн тандайт. Табият менен шайкештикте эс алгысы келгендердин саны жыл сайын кеминде 20 пайызга өсүп турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×