Казакстандык өндүрүшчүлөр тери экспортунан 2 млн доллардан ашык киреше тапты

Тері экспорты
24.kz

Казакстандык тери өндүрүүчүлөр эл аралык рынокту багындырууда. Жыл башынан бери алар өнүмдү экспорттоодон 2,5 миллион долларга жакын киреше табышты. Ошол эле учурда, азыркы таптагы көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө караганда 73%дан ашык. Бул тууралуу Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматында, казакстандык ишканаларда иштетилген терини көбүнчө Кытай, Индия, Италия, Түркия, Украина жана Испания сыяктуу өлкөлөр сатып алышат. Жергиликтүү базарларга мынчалык көлөмдө сатылбайт. Өндүрүшчүлөр ата мекендик материалды бут кийим, баштык жана кур үчүн сатып алышат. Жалпысынан, өлкөдө тери иштетүүчү ишканалар республиканын 11 аймагында жайгашкан. Көпчүлүгү Шымкентте, анда ишканалардын жетөө бар. Калгандары: Алматыда, Костанайда, Жамбылда, Актөбөдө, Кызылордада, Павлодарда, Түндүк Казакстанда, Чыгыш Казакстанда, ошондой эле Нур-Султан жана Алматы шаарларында. Жыл башынан бери алар 54 миллион чарчы диаметр тери өндүрүшкөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×