Казакстанда ундун баасынын өсүшү болжолдонууда

ұн бағасы
itakecontrol.hu

Буудайдын экспорттук баасы Борбор Азиядагы кургакчылыктан улам кескин жогорулады. Дан бирлиги акыркы апталарда казак эгининин баасы кымбаттаганын кабарлады. Үчүнчү сорттогу буудайдын тоннасын импорттоочулар 265 доллар көлөмүндө эсептешүүдө. Бул 112 миң теңгеден ашат. Ошол эле учурда ички баа дагы 105 миң теңгеге чейин жогорулады. Биримдик бир жарым айдын ичинде мындай секирик Казакстандагы ундун баасына таасирин тийгизет деп болжолдойт. Адистердин айтымында, учурдагы божомолдор боюнча, азык -түлүктүн баасынын өсүшүн ооздуктоо үчүн Азык-түлүк келишими корпорациясы кошумча түрдө кеминде 200 миң тонна буудай жана ушунча көлөмдө тоют данын сатып алышы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×