Бизнестин жол картасы: 32 миңге жакын долбоор колдоого алынат

 бизнесті қолдау
egemen.kz

Казакстанда жылдын аягына чейин «Бизнестин жол картасы» программасынын алкагында 32 миңге жакын долбоор колдоого алынат. Аларды ишке ашыруу үчүн 1,2 триллион теңге бөлүнөт. Бул тууралуу Өкмөттүн жыйынында каатчылыкка каршы бизнести колдоо чаралары каралып жатканда айтылды. Маалыматтарга караганда, жыл башынан бери 23 миң демилгени жүзөгө ашыруу үчүн 492 миллиард теңге бөлүнгөн. Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында эле «Жөнөкөй экономика» программасынын алкагында 142 миллиард теңгенин 334 долбоору каржыланган. Жылдын аягына чейин дагы 724 долбоорго колдоо көрсөтүү мерчемделүүдө. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча аталган программалар менен 90 миңден ашык жумуш орду түзүлөт. Бул жаатта соода, кызмат көрсөтүү, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт жана кампа, ошондой эле курулуш тармактарына өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×