Казакстандын Борбордук Азия мамлекеттери менен товар жүгүртүүсү 35% өстү

Қазақстанның Орталық Азия елдерімен тауар айналымы
inbusiness.kz

Казакстандын Борбордук Азия мамлекеттери менен товар жүгүртүүсү дээрлик 35 пайызга өстү. Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында эле ал 2 миллиард 200 миллиондон ашык долларга жетти. Бул тууралуу finprom.kz порталы жазды.

Анын үстүнө сооданын жакшы көрсөткүчтөрү экспорт жаатында жетишилген. Биздин башкы өнөктөш болуп Өзбекстан кала берүүдө. Андыктан жалпы көлөмдүн үчтөн экиси – дээрлик 1,5 миллиард долларлык соода ушул өлкөгө туура келет. Ал эми 426 миллион доллар менен Тажикстан жана 328 миллион доллардык көрсөткүч менен Кыргызстан андан кийинки орундарда турат. Тизмеге 74 миллион 600 миң долларлык соода көрсөткүчү менен Түркмөнстан кошулат. Бирок бул дагы жаман эмес. Анткени өсүш бир жыл мурдагыга караганда дээрлик 50 пайызга көп. Жалпысынан 2021-жылдын 4 айында Казакстандын Борбордук Азия мамлекеттерине экспорту - 1 миллиард 700 миллион долларга жеткен. Ошол эле учурда Борбордук Азия чөлкөмүнөн биздин өлкөгө жыл башынан бери 624 млн доллардан ашык суммага товар ташылып келген.

×