Траснпорттук дараметти өнүктүрүү: жаңы долбоорлор

Қазақстан екінші темір жол құрылысын жоспарлауда
data.atomiyme.com

Казакстан негизги Кытай-Европа-Кытай транзитик коридоруна экинчи жанаша жолдорду курууну мерчемдеп жатат, бул өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 5 эсе көбөйтөт. Айтсак, Асман өлкөсүнөн Европа мамлекеттерине жүктөр да тез жеткирилет. Профилдик мекеменин жакынкы жылдары жүзөгө ашыра турган долбоорлору жөнүндө Борбордук коммуникация кызматындагы брифингде Транспорт комитетинин төрагасы Жаныбек Тайжанов айтып берди. Анын айтымында, жакында Өзбекстан менен чек арада Дарбаза-Мактаарал жаңы темир жол линиясынын курулушу башталат. Ошентип ал жол Сарыагаш өткөрмө жайынын жүгүн жеңилдетет, ал пункт бүгүнкү күнү жүктүн агымын толук тейлей албайт жатат. Адистер эсептегендей, жаңы жол аркылуу эки эсе көп контейлерлерди бир жарым эсе тезирээк ташып өтүүгө мүмкүн болот.

Жанибек Тайжанов, КР Индустрия жана инфратүзүм өнүгүү министрлигинин транспорт комитетинин төрагасы:

- Бул долбоор Борбордук Азия жана Европанын экспорттук агымын өзүнө кабыл алууга, ошондой эле, Казакстандын эл аралык рыноктогу позициясын чыңдоого мүмкүндүк берет. Буга катар Алматы станциясын айланып өткөн темир жол линияларын куруу долбоору жүргүзүлүп жатат. Бул объектини куруу Алматы станциясы аркылуу өткөн транзиттик жүк ташуунун мөөнөтүн эки суткага кыскартууга жана станциянын жүктөмүн 30 пайызга азайтууга шарт түзөт.

Белгилей кетсек, өлкөнүн транзиттик дараметин өнүктүрүү – биздин республиканын маанилүү милдети. Жыл башынан бери Казакстан аркылуу контейнердик жүк ташуунун көлөмү 800 миң ДФЭден ашты. Жыл соңуна чейин бул санды бир миллионго жеткирүү максаты бар.