Казакстан бензини 32 мамлекет арасында эң арзан деп табылды

Қазақстанда бензин 32 елдің ішінде ең арзан
sputnik.kz

Казакстанда бензин эң арзан турат. Орусиялык рейтинг агенттигинин изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, республика Европанын 32 мамлекетинин арасында АИ-95 маркасындагы бензиндин арзандыгы боюнча эң биринчи орунду алган, бул марка ата мекендик май куюучу бекеттерде 197 теңгеден сатылууда.

Серепчилердин айтымында, дизелдик күйүүчү май дагы салыштырмалуу төмөн баада, анын бир литри казакстандыктар үчүн 197 теңге турат. Экинчи орунду 1 литр АИ-95 бензини 283 теңгеге сатылган Орусия алды, ал эми бир литр бензин 334 теңгеге сатылган Беларусь үчүнчү орунду ээлеген. Талдоочулар күйүүчү майлар Нидерланд өлкөсүнүн калкы үчүн эң кымбат тураарын эсептешкен. Мында алар бир литр бензин үчүн 934 теңге төлөшөт.