Казакстан – инвесторлор үчүн тартымдуу рынок

Дүниежүзілік банк
zakon.kz

Казакстандын ИДӨнү 2021-жылы 3,2%га өсөт. Мындай божомолду Дүйнөлүк банк жасады. Эл аралык талдоочулар муну республикага чет элдик капиталды тартуу менен байланыштырышат.

Алардын пикири боюнча, бардык инвесторлор - көбүнчө макроэкономикалык туруктуулук, ири ички рынок, пайдалуу кендердин жеткиликтүүлүгү жана башка факторлорго көңүл бурушат. Жалпысынан алганда, Казакстан башка Борбор Азия республикаларына салыштырмалуу тартылган инвестициялар боюнча лидер бойдон калууда. 2020-жылы мамлекетте жалпы суммасы 1,6 миллиард долларга чет өлкөлүк катышуу менен 41 инвестициялык долбоор ишке киргизилген. Өткөн жылы Борбор Азия өлкөлөрүнө тартылган инвестиция АКШ валютасында 21 миллиардды түзгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×