Испания Казакстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктар

Испания Қазақстанмен ынтымақтастық
inform.kz

Быйылкы жылы Казакстан менен Испаниянын ортосундагы товар жүгүртүү болжол менен 850 миллион долларды түздү. Бирок бул чек эмес: өлкөлөр бир эле мезгилде бир нече маанилүү багыттар боюнча, анын ичинде туризм жаатында кызматташтыкты кыйла чыңдоого ниеттенүүдө. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары улуттук эмдөө сертификаттарын таануунун эки тараптуу мүмкүнчүлүктөрүн караштыруу керек деген бүтүмгө келишти. Мындан тышкары, Казакстан менен Испания эки өлкө ортосунда түз аба каттамын түзүү боюнча ишти улантууга ниеттенүүдө.

Мухтар Тлеуберди, РКнын Тышкы иштер министри:

- Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол койдук. Бул илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу, ошондой эле айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу боюнча бир катар меморандумдар жана өнүгүүгө көмөктөшүү боюнча расмий органдардын кызматташтыгы.

Испания - Казакстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Пандемия учурунда экономиканы калыбына келтирүү ыргагы жергиликтүү бизнес чөйрөсүнө чоң таасир калтырды. Мындан тышкары, Испаниянын рыногундагы бир катар ири ишкерлердин Казакстанда иштөө тажрыйбасы жетиштүү деңгээлде.

Франциско Санчес, компаниянын аткаруучу вице-президенти:

- Казакстан биз үчүн абдан маанилүү. Ал биздин өлкөгө биринчи жеткирүүнү баштаган 2013-жылдан бери стратегиялык өнөктөшүбүз болуп саналат. Биз азыр эң мыкты жүк ташуучу учактарыбызды жеткирүү маселесинин үстүндө жигердүү иштеп жатабыз. Алар сиздердин аймакта чоң суроо-талапка ээ болот деген ишенимдебиз.

Хосе Варгас, компаниянын өкүлү:

- Ооба, биз Казакстан менен кызматташтыгыбызды тынымсыз кеңейтип жатабыз. Бизде азыркы маалда Казакстандын тоо-кен тармагында 200дөн ашуун адистер иштейт. Биз сиздердин өлкөдө маанилүү тармактардын бири болгон бардык башталыштар менен тыгыз байланыштабыз. Казакстан өнөр жайды өнүктүрүүдө чоң келечеги бар деп эсептейбиз жана сиздер бардык мүмкүнчүлүктөрдү жигердүү пайдаланып жаткандыгыңыздарды билем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×