Казакстанда электрондук-сооданын мүмкүнчүлүктөрү кенен

электронды сауда
malim.kz

Казакстанда чакан жана орто бизнес үчүн электрондук соода мектеби ачылат. «SmartDuken» онлайн платформасы ата мекендик ишкерлердин бизнес базасын кеңейтүүгө жана жаңы бизнес баштоого жардам берүүгө багытталат.

Натыйжалуу ишкердүүлүк жүргүзүү үчүн окутуу курстары менен вебинарлар жана өнөктөштөрдү акысыз сунуштоо сыяктуу иш-чараларды камтыйт. Максаты - бизнести аралыктан жүргүзүүгө көндүрүү. Бул тууралуу Astana Finance Days эл аралык конференциясынын алкагында өткөн электрондук соода боюнча онлайн сессиянын жүрүшүндө айтылды. Катышуучулардын айтымында, өлкөдөгү электрондук сооданын мүмкүнчүлүктөрү кенен. Мисалы, өткөн жылдын он айында электрондук сооданын көлөмү 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 93%га көбөйүп, 382 миллиард теңгеге жеткен. Ал эми орточо алганда 63%га өсүп, транзакциялардын көлөмү 18%га жогорулаган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×