Борбор Азия өлкөлөрүнүн инвестициялык дарамети

Борбор Азия өлкөлөрүнүн инвестициялык дарамети

Жакынкы 10 жылда Борбор Азиянын чийки зат эмес секторуна 70 миллиард доллар өлчөмүндө түз инвестиция салынышы мүмкүн. Бул тууралуу Шанхай Кызматташтык Уюмунун аянтчасында биринчи жолу уюштурулган Борбор Азия мамлекеттеринин инвестициялык дараметинин презентациясы учурунда белгилүү болду. Белгилей кетсек, уюм түзүлгөндөн бери эркин соода зоналары түзүлүп, чек ара долбоорлору ишке ашырыла баштады.

Ван Кэвэнь, Чет өлкөдөгү ишканаларды өнүктүрүү боюнча кытай бирикмесинин башкы катчысынын орун басары:

- Жаңы энергетика жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүнүн дарамети чоң. Бул шамал, күн жана суу энергетикасы. Келечектүү тармактардын катарына жеңил өнөр жайы, санарип экономикасына байланышкан тармактар, чек арадагы электрондук соода, жаңы технологиялар кирет.

Мындан тышкары, Кытай Эл Республикасы компанияларынын өкүлдөрүнө аймактын туризм, айыл чарба жана башка тармактардагы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтылып, тиешелүү документтерге кол коюлду.

Нурлан Аккошкаров, Казакстандын ШКУ катчылыгынын туруктуу өкүлү

- Форумга Казакстандын үч улуттук компаниясы катышты. Бул иш-чара ШКУ платформасында биринчи жолу өткөрүлүп жатат жана бул салтка айланган инвестициялык иш-чара болуп калат деп ишенебиз.

Жалпысынан алганда, Борбор Азия экономикасынын түзүмү бири-бирине окшош. Товар жүгүртүүнүн көлөмү өсүп, өз ара аракеттенүү бекемделүүдө. Форумдун катышуучуларынын айтымында, бул артыкчылыктарды колдонуп, кошумча наркы жогору тармактарды өнүктүрүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×